ЕӨБгө мүчө өлкөлөр улуттук валютадагы жоготкон позицияларын кайтарып алат

6 мая 2020, 15:30

Көпчүлүк мамлекеттердин регуляторлору ички суроо-талаптын азайгандыгына байланыштуу,  акча-кредит саясатын жеңилдетүү циклине өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык баяндамасында айтылат.

Финансы рыногундагы абал турукташкан менен Россия, Казакстан, Белорусия жана Арменияда акча-кредит саясатынын негизги чендеринин төмөндөшү күтүлүүдө. 2021-жылы экономикалык жигердүүлүктү стимулдаштыруу үчүн нейтралдуу деңгээлден төмөн түшүшү мүмкүн.

 

«Евразия өнүктүрүү банкына мүчө өлкөлөрдүн АКШ долларына карата алмашуу курсунда жакынкы арада кескин өзгөрүү болбойт. Учурдагы абал боюнча калат», — деп жазылат документте. 

 

Божомолго ылайык кийинчерээк, дүйнөлүк экономикада кырдаал турукташып, баалар акырындык менен калыбына келип, улуттук валюталар жоголгон позицияларды жарым-жартылай кайтарып алат.