ЕРӨБ Кыргызстанга 18 млн евродон ашык каражат берет

6 марта 2024, 17:40

Кыргызстан айрым аймактарды суу менен камсыздоо үчүн Европа өнүктүрүү банкынан 18 млн евродон ашык каражат алат.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду.

Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларында суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы үчүн каражат алуу боюнча макулдашууларга былтыр Самаркандда кол коюлган.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл кабыл алган.