«Эрдик» ишканасында айыл чарба багытындагы семинар өттү

26 апреля 2022, 14:25

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылында “Эрдик айыл чарба ишканасынын базасында айыл чарба багытында семинар өттү. Семинарды Айыл чарба министрлиги, облустук администрация жана Түп райондук администрациясы менен биргеликте уюштурду.

Анда жакында эле лизингге сатылып алынган жер иштетүүгө керектелчү жаңы техникалык шаймандар, тактап айтканда жамгырдан суу алып пайдаланчу жаңы заманбап техника жана ачык системадагы насостор көргөзмөгө коюлду. Андан тышкары Айыл чарба министрлигине караштуу бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жеке көргөзмөсү өттү.

Иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик кызмат өкүлдөрүнөн тышкары дыйканчылык менен алектенген жергиликтүү ишкерлер, активисттер жана дыйкандар катышышты.