«Эркечтамда» айдоочулардан акча жыйнагандардын бети ачылды

16 мая 2023, 10:40

Ош облусундагы “Эркечтам-унаа жол” көзөмөл-өткөрмө жайында жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча чогулткандардын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Д” ЖЧКсы менен “А” АКсы Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, аталган бекет аркылуу тоскоолдуксуз жүк алып өтүү шарты менен айдоочулардан мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенген.

Ар бир айдоочудан 1 миң сом жана контейнерлер менен жабдууларды жүктөө, крандарды колдонуу үчүн 100 доллар өлчөмүндө акчаны мажбурлап алып турушкан. 

“Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 14 млн. сом зыян келген, зыяндын орду толтурулду. Чек ара кызматкерлерине карата тергөө иштери уланууда”, - деп билдирет УКМК.

Учурда аталган эки уюмдун иши токтотулган.