36 жаштагы кыргызстандык Эркин Адылов Forbes журналынын рейтингине чыкты
Кыргызстандык 36 жаштагы Эркин Адылов америкалык Forbes журналынын рейтингине чыкты.
Ал Behavox фирманын негиздөөчүсү жана жетекчиси. Фирма табигый тилдин алгоритмдерин башкаруу жана ири банктардын электрондук жана үн маалыматтарын көзөмөлдөө менен алектенет.
Эркин Адылов Behavoxту программасын жеке инвесторлор, хедж - фонддор, Уолл - стриттин көптөгөн чоң банктары колдонот. Программа «behavioral operating system» – «жүрүм-турумдук операциялык системасы» деп аталат.
Фирманын штаб - квартирасы Нью - Йоркто жайгашкан. Адыловдун бул системасын 30дан ашуун компания колдонот, ал эми 2019-жылы аталган программа 130 пайызга көп киреше алып келген.