Эркин Асрандиев Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалды
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Асрандиев Эркин Шамшудинович Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Эркин Асрандиев Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондун жетектеп келген.