Эркинбек Осоев транспорт министрлигинин жетекчилигинен бошотулду
Берген арызына ылайык, Эркинбек Осоев Транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.