Эртең Бишкекте «FinConference2023» иш-чарасы өтөт

18 октября 2023, 16:40

Эртең Бишкекте “FinConference2023” иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Ага коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар, мамлекеттик органдар, байланыш операторлору жана башка финансы институттары менен байланышы бар компаниялардын өкүлдөрү катышат.

Конференцияда ар кандай маселелер, анын ичинде киберкоопсуздукка, блокчейн технологияларын өнүктүрүүгө жана төлөм инструменттерине байланыштуу маселелер каралат.

Катышуучулар билимдерин кеңейтип, пикир жана тажрыйба алмашып, жаңы байланыштарды түзө алышат деп күтүлүүдө.