Ош шаарында эртең таза суу берилбейт

1 мая 2023, 14:50

Эртең, 2-майда Ош шаарында саат 0.00дөн 24.00гө чейин таза суу берилбейт. Бул тууралуу Ош облусунун мэриясынан билдиришти.

Ош шаарын таза суу менен камсыздоо долбоорунун биринчи этабынын алкагында суу түтүгүн борбордук тармакка туташтыруу жана оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.

“Манас-Ата” (ХБК), “Туран” аймактык кеңештеринде, “Достук” кичирайондорунда, “Калинин” массивинде өчүрүүлөр болбойт.

"Ош шаардык суу канал" ишканасы калктан алдын ала таза сууну камдап алууну суранат.