Эртең салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт

1 мая 2023, 14:15

Дем алыш күндөрүнө байланыштуу салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү эртең, 2 майда аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү (30-апрель) дем алыш күнгө туш келди, ал эми 1-май майрам күнү деп белгиленди.

Ушуга байланыштуу салык мыйзамдарына ылайык, салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-майга чейин узартылды.

Салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

  • жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
  • менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
  • юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
  • илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;
  • мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
  • эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
  • жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.
  • Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жеке жактар тандоосу боюнча электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.