Эртеңден тарта Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире көтөрүлөт

29 января 2024, 09:15

Эртеңден тарта Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире көтөрүлөт. Токтом долбоорун шаардык кеңеш кабыл алган.

Документке ылайык, коомдук транспорттун бардык түрүндө жол кире накталай 20 сом, накталай эмес 17 сом, ал эми мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин колдонуу менен убактылуу 11 сомду түзөт.