Эртеңден тарта Бишкектеги эки көчө бир тараптуу болот

26 декабря 2023, 09:30

Эртеңден тарта Бишкектеги Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти кабарлайт.

Маалыматка ылайык, учурда аталган көчөлөргө жол белгилери орнотулуп, сызыктар түшүрүлүүдө.