ЕБ Кыргызстанда жашыл экономиканы алдыга жылдырууга колдоо көрсөтүүгө даяр

12 сентября 2021, 09:42

Европа тарап ушул жылдын 5-ноябрына пландаштырылган "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун Бишкекте өткөрүлүшүн кубаттайт, деп билдирди Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала министрлер кабинетинин биринчи орун басары Азиз Аалиев менен жолугушуу учурунда.

“Иш-чаранын статусун, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн анын маанилүүлүгүн эске алуу менен, ага карата бардык даярдык иштери жогорку деңгээлде жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасы бул форумга чоң маани берет”, - деди Аалиев.

Тараптар Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелерин да талкуулашты. Европа тарап Кыргыз Республикасынын региондорун туруктуу өнүктүрүү үчүн бул демилгени колдоого даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташууну улантуу зарылдыгы макулдашылды.