ЕК вакцина чыгарган AstraZeneca компаниясын сотко бериши мүмкүн

22 апреля 2021, 15:50

Европа Комиссиясы вакцина өндүрүүчү AstraZeneca компаниясын сотко берүүгө даяр, анткени компания убада кылган дозаларын бербеген. Европа Бирлигинин өкүлдөрү 21-апрелдеги жолугушуу учурунда компанияга каршы соттук териштирүүнү колдой тургандыктарын билдиришти, деп жазды Politico.

AstraZeneca компаниясынын божомолуна ылайык, экинчи кварталда Европанын өлкөлөрүнө убада кылынган 300 миллиондун ордуна болжол менен 70 миллион доза дары жөнөтөт.

AstraZeneca ЕКке январь айында келишимдик милдеттенмелерин аткара албай тургандыгын эскертти. Өз кезегинде, дипломаттардын бири сот процессинин маңызы AstraZenecaны ЕК менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн дозаларды камсыз кылууга милдеттендирүү деп түшүндүрдү.

Кошумчалай кетсек, ЕК өлкөлөрү сотто ишти баштоого макулдукту ушул аптада бериши керек.