ЕБ маалыматтардын купуялыгын бузгандыгы үчүн Amazon компаниясын 746 млн евро айыпка жыкты

2 августа 2021, 15:30

 

Монополияга каршы текшерүүнүн жыйынтыгында Европа биримдиги Amazon интернет-дүкөнүнө 746 миллион евро же 888 миллион доллар айып салды. Бул тууралуу Bloomberg жазды.

Компаниянын жетекчилиги бардык айыптоолорду четке кагып, апелляция берүүгө ниеттенүүдө. Amazon кардарлардын тажрыйбасын жакшыртуу үчүн маалыматтарды чогултуп жатканын айтты. Бирок жөнгө салуучулар компания маалыматты өз кызыкчылыгына колдонуп жатат деген кооптонууну билдиришүүдө. 

Маалым болгондой, бул рекорддук айып. Буга чейин Google конфиденциалдуулукту бузгандыгы үчүн 50 миллион доллар айыпка жыгылган.