Европалык союз Кыргызстандын социалдык коргоо тармагына 5.7 млн евро грант берет

14 февраля 2020, 12:33

2020-жылдын 12-февралында Европалык Союз, Каржы министрлигинин Борбордук казынасына, Кыргызстандын социалдык коргоо тармагын колдоо максатында 5 млн 750 миң евро грант катары берди. Каражат өкмөт тараптан жакынкы күндөрү которулат. 

Бул үчүнчү жана акыркы жолу республиканын социалдык коргоо бюджетин колдоо максатында берилип жатат. Программанын максаты - социалдык коргоо тармагын рефармалоо боюнча өкмөткө жардам берүү. Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бейөкмөт уюмдар ортосундагы мамилени чыңдоо жана калктын аярлуу катмарындагы тейлөө кызматтарын жакшыртуу, балдар үчүн фостердик кызматты өнүктүрүү, социалдык кызматкердин кесибин өркүндөтүү жана балдар интернатын жакшыртуу болуп эсептелинет. 

2016 - жылы берилген гранттын суммасы - 16.5 млн еврону түзгөн. 

Европалык союздун бул программасы 2014 - жылдан бери иштеп келет. 6 жылдан бери Кыргызстанга  174 млн евро грант келген.