Эсеп палатасы Ош шаарында бюджетти аткарууда мыйзам бузууларды аныктады

1 мая 2023, 09:25

Эсеп палатасы Ош шаарынын 2021-жылдагы бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун сакталышы боюнча аудит жүргүздү. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди. 

Аудиттин жүрүшүндө 336 млн. 834,4 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. 

Анын ичинен жалпысынан 41 млн. 402,9 миң сомго каржылык мыйзам бузуулар болгон. 

Ошондой эле, 259 млн 168,3 миң сомго бюджеттин резервдери жана жоготуулары аныкталган. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 36 млн. 263,2 миң сомду түзгөн.