Эсеп палатасы укук коргоо органдарынын талабы боюнча ишкерлерди текшербейт

25 августа 2020, 17:30

Мындан ары  Эсеп палатасы укук коргоо органдарынын талабы боюнча ишкердик субъекттерин текшербейт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Тийиштүү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, президент тарабынан кол коюлган. Бул мыйзамга ылайык, Эсеп палатасы президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин атынан гана ишкердик субъекттерин текшере алат.

Өкмөт башчынын айтымында, учурда бул маселе боюнча мыйзам актылары такталууда.