Дагы эки банк «Мир» картасынын ишин убактылуу токтотту

3 ноября 2022, 14:40

“Бай-Түшүм” жана “Оптима Банкы”  “Мир” төлөм карталарын тейлөөнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган банктардын басма сөз кызматы тастыктады.

“Бай-Түшүм” банкы 29-октябрдан тарта “Мир” төлөм системасынын карталарын токтотту.

Буга кошумча, “Оптима Банк” дагы 1-ноябрдан тарта аталган картаны тейлөөнү убактылуу токтоткон.

Учурда банктардын эквайринг тармагында POS-терминалдар жана банкоматтар аркылуу операциялары иштебейт. “Мир” төлөм системасынан акча которуу мүмкүн эмес.

Кошумчалай кетсек, 27-октябрда KICB банкы “Мир” картасынын ишин убактылуу токтоткон.