KICB банкы «Мир» картасынын ишин убактылуу токтотту

28 октября 2022, 13:52

Кечээ, 27-октябрдан тарта KICB банкы “Мир” төлөм системасынын карталарын тейлөөнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган банктын сайтына жарыяланды.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандагы 23 коммерциялык банктын сегизи Орусиянын “Мир” төлөм системасынын карталарын тейлөөнү толугу менен токтоткону маалымдалган.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандагы “Мир” картасын Элкарт улуттук төлөм системасынын картасына алмаштырууга болот.