Кыргызстандагы дагы бир коммерциялык банк "МИР" карталарын тейлөөнү токтотту
FINCA Банк "МИР" карталарын тейлөө токтотулгандыгын жарыялады. Бул тууралуу банктын сайтында айтылат.
"2024-жылдын 1-мартынан тартып "Улуттук төлөм карт системасы" ААКсынын (МИР төлөм системасы) төлөм карталарын тейлөөнү токтото турганыбызды билдиребиз", - деп айтылат банктын билдирүүсүндө.
Кызмат төмөнкү каналдарда токтотулат:
- POS терминалдар;
- банкоматтар;
- P2P которуулар.
Белгилеп кетсек, бул ата мекендик банктардын "МИР" карталарынан баш тартуу чечими биринчи жолу эмес.