Дагы бир коммерциялык банк Баткенде жабыркагандарга насыяларды кечти

24 мая 2021, 17:23

"Дос-Кредобанк" ААКсы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга берилген насыяларды кечти. Бул тууралуу Баткен обладминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Банк жаңжал учурунда үйлөрү өрттөлгөн үч тургунга насыяны кечти. Дагы эки жаран пайыздык ченди жокко чыгарып, төлөө мөөнөтүн узартышты.

Мындан тышкары, банк тарабынан 300 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин "Компаньон", "РСК Банк", "Бай-Түшүм" банктары дагы Баткендиктердин насыяларын кечкен.