ОСАГОну дагы үч камсыздандыруу компаниясы берет

22 марта 2023, 09:55

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы үч камсыздандыруу компаниясына ОСАГО кызматтарын көрсөтүү укугуна уруксат берди. Бул тууралуу Финчалгындоо кызматы билдирди.

Алсак, "Дордой Страхование" ЖАК камсыздандыруу компаниясы тарабынан аткарылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча иш-аракеттерди жүргүзө алат, лицензия ОСАГО кызматы менен толукталат.

Мындан тышкары, ОСАГО кызматы мурда берилген "Здоровые" камсыздандыруу компаниясы" ЖАК жана "Али Гарант" камсыздандыруу компаниясы" ЖАК менен толукталды.