Бишкектин дагы үч поликлиникасы мэриядан автоунаа алды

5 января 2023, 10:08

Дагы үч шаардык поликлиника амбулатордук кызмат көрсөтүү үчүн автоунааларды алышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, унаалар № 6, 7 жана 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна тапшырылып, мэр Абдыкадыр Эмилбековдун тапшырмасы менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган. 

Мындан беш ай мурун шаар мэриясы №1, 2, 3, 4, 5, 9, 10 үй-бүлөлүк медицина борборлору үчүн жети унаа сатып алган.

“Көчмө амбулаториялык кызмат иштеген 5 айдын ичинде 3 миң 450 бейтапка кызмат көрсөтүлсө, анын 1128и балдар, 672си жаңы төрөлгөн ымыркайлар, 1195и ден- соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер болгон”,- деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, үй шартында сапаттуу медициналык кызматка муктаж болгон бардык бейтаптар амбулатордук медициналык жардамдын алуучулары боло алышат. Амбулатордук кызматтар акысыз көрсөтүлөт.