Эстониянын Борбордук банкы бир гана алтын куймасына ээ

6 мая 2019, 17:45

Эстониянын алтын  кору  256 кг түзөт. Бирок, баалуу металлдын  көп бөлүгү өлкөдөн сырткары сакталууда. Борбордук банктын финансы рыногунун жетекчиси  Фабио Филипоцци  Terevisioon программасында бир куйма алтынга гана ээ экенин жарыялаган. Бул тууралуу  Lenta.ru Эстониянын ERR телеканалына шилтеме берип, жазып чыкты. 

Эстониянын Борбордук банкында       бир гана алтын куймасы сакталууда. Анын салмагы 11 кг. Алтын куймасынын баасы жарым миллион еврого бааланууда. Бирок, бул байлык эле эмес, музейдик экспонат катары бааланат. Анткени, анын тазалыгы финансы рыногунда колдонууга жарабайт.

Эстониянын калган алтын кору  Нью-Йорктогу  «коопсуз» сактоодо. Мындай чечимди ССРден бөлүнгөндө  биринчи Эстония Республикасынын өкмөтү кабыл алган. 

Филипоцци билдиргендей алтынындын көп бөлүгүн 1990-жылдары республика сатып, ага өтумдүү финансы инструменттери болгон акциялар менен облигацияларды сатып алган деп билдирди. 

Trading Economics порталынын маалыматына таянсак, европанын мамлекеттери арасында алтын кору боюнча эң акыркы орунда турат. Мальта өлкөсү 90 кг алтын кору  менен Эстондордун алдында. Латвия менен Литванын  алтын корлору 6.6 тонна жана 5.8 тонна баалуу металлдан байлык топтошкон.