«Евразия сактык банкы» Улуттук инвестиция агенттигинин карамагына өттү

22 января 2024, 17:54

“Евразиялык сактык банкы” ААКнын баалуу кагаздарын кармоочулардын тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Тактап айтканда, банк расмий түрдө Санариптик өнүктүрүү министрлигинен Улуттук инвестициялык агенттиктин балансына өттү. 

2022-жылдын 21-декабрынан тарта 19 млн 516 миң 734 акция болду, бул акциянын 60,95%ы учурда Улуттук инвестиция агенттигине таандык болуп саналат.