Евразия өнүктүрүү банкынын кирешеси 29 млн $ түзүүдө

23 декабря 2020, 11:50

Евразия өнүктүрүү банкы 2020-жылдын жыйынтыгын алдын ала чыгарды. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат. 

 

 

Банктын азыркы инвестициялык портфели жылдын аягында 4.4 млрд долларга чыгышы күтүлүүдө. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү 2.2% же 93 млн долларды түзгөн. 

Белгиленгендей, баланстык портфель жыл аягында 2.9 млрд долларга толтурулушу, ал эми 2019-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу өсүү 2.5%, тагыраагы 73 млн долларга жогору болоору күтүлүүдө. 

Андан сырткары, банктын кирешеси жылдын жыйынтыгы менен  29 млн долларды түзүшү мүмкүн. 

Кошумчалай кетсек, 2020-жылы банк тарабынан инвестициялык долбоор боюнча жалпысынан 1.2 млрд долларга 14 долбоор макулдашылган.