КР элет элинин санарип сабаттуулугун жогорулатуу үчүн Евро Биримдик 991 миң евро бөлгөн

16 февраля 2021, 14:00

Евро биримдик Кыргызстандын айыл-аймактарында жашаган калктын санарип сабаттуулугун жогорулатуу үчүн 991 миң евро бөлгөн. Бул тууралуу Кыргызстандагы Европа биримдигинин сайтында маалымдалат. 

 

Долбоордун максаты — Ош жана Ыссык-Көл облустарына караштуу элет жериндеги аял жана жаштарды колдоого багытталат. 

700гө жакын адам эстониялык жана кыргызстандык эксперттердин семинарларына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 

Кошумчалай кетсек, долбоордун мөөнөтү 30 айга созулат.