Евро 2 сомго арзандады

23 июня 2021, 15:00

Алты күн аралыгында евро дээрлик 2% арзандады. Мындай көрсөткүчтү Улуттук банктан билдиришти. 

Европа валютасынын төмөндөө тенденциясы ушул жылдын 17-июнунан бери байкалууда. Анда евро евровалютанын бир бирдиги үчүн 102,5 сомду түзсө, бүгүн (23-июнда) 100,5 сомду түздү.

Кошумчалай кетсек 2-апрелде евронун сомго карата төмөндөшү байкалып, 99,4 сомго жеткен.

Кечээтен бери АКШ долларынын орточо сатуу курсу 84,7545 сомго, орус рубли 1,1693 сомго, теңге 0,2025 сомго чейин арзандады.