Евро сомго карата 2,43%га арзандады. Улуттук банк валюталар курсун жаңылады

28 апреля 2022, 17:33

Кыргызстандын Улуттук банкы 29-апрелге карата чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курсун жарыялады. Такталган маалыматтарга караганда, сомдун курсу бардык негизги валюталарга карата бекемделди.

Баарынан да сом еврого карата 2,43%га бекемделип, 86,9330 сомду түздү. Ал эми АКШ долларынын наркы сомго карата 1,73%га төмөндөп, 82,6713 сомду түздү.

Сом рублга карата 0,4%га жана теңгеге карата 0,75%га бекемделип, тиешелүүлүгүнө жараша 1,1197 жана 0,1841 сомду түздү.