Евронун сомго карата расмий курсу бир жылда 12,6 сомго жогорулаган

3 августа 2020, 15:58

Өткөн жылдын 4-августунан ушул жылдын 3-августуна чейин евронун сомго карата расмий курсу 12,6 сомго жогорулаган. Мындай жыйынтыкты Улуттук банктын сайтында берилген маалыматтардын негизинде түзүүгө болот.

Аталган банктын маалыматына ылайык, 2019-жылдын 4-августунда евро 1 доллар үчүн 77,4397 сомдон сатылган, ал эми бүгүнкү күнгө карата расмий курс 90.0877 сомду түздү.

«Акчабар» порталынын маалыматы боюнча, республиканын коммерциялык банктарында евро 90,1 сомдон сатып алынып, 91,5 сомго сатылууда (эң жакшы көрсөткүч Демир Банкта).

Ошол эле учурда, Европа Бирлигинин бирдиктүү валютасынын максималдуу наркы үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде катталган, андан кийин евро 92,7 сомго сатылган.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда валюта расмий түрдө киргизилгенде (2002-жылдын 1-январында) анын курсу 1 бирдик үчүн 42,8378 сом деңгээлинде белгиленген. Биринчи жылы валюта 11,3% өскөн (жылына +4,8 сом).