Европа Биримдигинин каржы министрлери крипто-укуктук базаны бекитти

17 мая 2023, 17:37

Европа Биримдигинин 27 мамлекети крипто активдерин жөнгө салуу боюнча дүйнөдөгү биринчи комплекстүү эрежелерди (Markets in Crypto-Assets) бекитти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.  

Маалыматка ылайык, Евробиримдиктин Каржы министрлиги Брюсселдеги жыйында Европарламент менен макулдашылган мыйзам долбоорун бекитти. 

“Ага крипто активдер, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, финансылык туруктуулук жана инновациялар боюнча комплекстүү эрежелер камтылды”, - деп айтылат Еврокомиссиянын билдирүүсүндө.

Эрежелер 2024-жылдан тарта күчүнө кирет деп күтүлүүдө. 

“Акыркы окуялар бул активдерге инвестиция салган европалыктарды жакшыраак коргоо, крипто индустриясында акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо үчүн кыянаттык менен колдонуунун алдын алуу үчүн тез арада ченемдик укуктук актылардын зарылдыгын тастыктады”, - деди Швециянын каржы министри Элизабет Свантессон.