ДБ Европа жана Борбордук Азияга былтыр 8,5 млрд доллар насыя берди

9 января 2023, 10:41

Банктын жылдык отчетуна ылайык, 2022-жылы Дүйнөлүк банк Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн 8,5 миллиард доллар өлчөмүндө насыя берген. 

Жакынкы келечекте банк COVID-19 жана Украинадагы окуялардын кесепеттери менен күрөшүүдөгү жардамга артыкчылык берери маалымдалды.

“Украинага жана качкындарды кабыл алган өлкөлөргө, атап айтканда Молдова менен Румынияга жардам көрсөтүүдөн тышкары, биздин негизги иш багыттар: энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, коопсуздукту камсыздоо жана жашыл экономикага өтүүнү жеңилдетүү, азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу, аймакка инвестиция салуу”, - деп айтылат маалыматта. 

Узак мөөнөттүү план боюнча, банк аймак үчүн төрт приоритеттин үстүндө иштөөнү улантуу ниетинде. Мисалы, жашыл экономикага өтүүгө көмөктөшүү, адамдык капиталды өнүктүрүүнү тездетүү, рынокторду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, институттардын натыйжалуулугун калыптандыруу жана жогорулатуу болуп саналат.