Европа инвестициялык банкы Кыргызстанга 150 млн евро бөлөт

30 января 2024, 14:33

Европа инвестициялык банкы Кыргызстандын транспорт тармагындагы долбоорлорду каржылоого 150 млн евро бөлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Меморандумга кол коюу Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча биринчи “Global Gateway” инвестор форумунун алкагында өттү. 

Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолугушууда Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын Европа менен Азияны бириктирген транспорт коридорлор системасындагы маанилүү ролун белгиледи. Ал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоордун келечегине токтолду.  

Европа Комиссиясынын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис Борбор Азия өлкөлөрү менен транспорт тармагында жигердүү кызматташууну белгиледи.