Евробиримдик Кыргызстанга 11 млн долларлык эки грант бөлөт

10 мая 2023, 09:06

Быйылкы жылы Евробиримдик Кыргызстанга жалпы суммасы 11 миллион долларлык эки грант бөлөрүн Каржы министрлиги билдирди.

Анын ичинен 3,3 миллион доллар же 293,7 миллион сому санариптештирүү секторун реформалоо программасынын алкагында берилери күтүлүүдө. Ал бюджеттик колдоо аркылуу Кыргызстанга колдоо көрсөтүү жана 2019-2023-жылдарга республиканы санариптештирүү жана трансформациялоо концепциясын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Ошондой эле, мектептик билим берүүнү реформалоонун алкагында Кыргызстан дагы 7,7 миллион доллар алат.