Өлкөгө жылына 190 млн долларлык кездемелер алынып келинет

5 сентября 2022, 12:01

Жыл сайын Кыргызстанга 190 миллион долларлык текстиль буюмдары, 32 миллион долларга чейин көмөкчү материалдар жана аксессуарлар импорттолот. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева билдирди.

Анын айтымында, бул товарлардын негизги бөлүгү Кытайдан, көбү Түркиядан, бир бөлүгү Түштүк Кореядан алынып келинет.

“Бул, албетте, өтө чоң көрсөткүчтөр, аларды кыскартуу керек. Ошондуктан бизге импорттук көз карандылык программасы керек. Биздин текстиль продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү түздөн-түз чийки заттын баасынан көз каранды экенин түшүнөбүз. Текстиль жана аксессуарлар товарлардын чийки тобу болуп саналат. Ошондуктан биз текстиль өндүрүшүн көбөйтүүнүн үстүндө активдүү иштеп жатабыз. Учурда текстиль өндүрүшүн уюштуруу боюнча эки ири долбоор ишке ашырылууда”, - деди ал.