Facebook $5 млрд айып төлөдү

24 июля 2019, 09:37

АКШнын  соода боюнча Федералдык  комиссиясы  Facebook  компаниясын $5 млрд айып салды. Андагы башкы мыйзам сактообо-колдонуучулар тууралуу маалыматтар ачыкка  чыгып кеткени себеп болгону Reuters билдирди.

айып салууга  87 млн колдонуучу тууралуу маалыматтардын ачыкка чыгышы себеп болгон.  Анда Cambridge Analytica консалтинг групппасы аркылуу адамдардын маалыматтары колдонулган. бул компания  Дональд Трамп менен президенттик шайлоо маалында иштеген. Учурда ишин токтоткон. 

Айтмакчы,  2019-жылдын I-кварталында  Facebook компаниясынын кирешеси  $15.1 млрд болуп,  таза кирешеси — $2.4 млрд болду. $3 млрд каражатты  социалдык түйүн Федералдык соода комиссиясына төлөгөнү  айтылат.