КР фермерлери европалык компаниялар менен кызматташат

10 января 2020, 11:50

Европалык Nobiles компаниясы кыргыз айыл-чарба өндүрүүчүлөр менен кызматташууну көздөйт. Өнөктөштөр менен болгон жолугушуу 6-февралда өткөрүлөт. Жолугушуунуну уюштуруучулары инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги. 

Агенттиктин берген маалыматына ылайык, европалык компания кургак мөмө-жемиштерди Орто Азиядан жана Европадан ташуу менен алектенет. 

Nobiles компаниясы Кыргызстандан курага, кара кургатылган өрүк, грек жаңгагы жана фасоль сатып алууга кызыкдар.