Фермерлердин көпчүлүгү агрокредиттерин ала албай келет

6 февраля 2020, 16:00

Жогорку Кеңештин бүгүн, 6-февралдагы отурумунда депутат Тазабек Икрамов коомдо айыл чарба тармагында эмгектенген жарандарга колдоо көрсөтүүгө багытталган «Айыл-чарбасын колдоо» долбоорунун аткарылышына нааразычылык күчөп жаткандыгын белгиледи.

Анын айтымында, айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө льготтук насыя берүү программасы көпчүлүк дыйкан жана фермерлер үчүн жеткиликтүү эмес бойдон калууда.

«Көпчүлүк учурда каражаттарды бутуна турган жарандар алып, ал эми чынында муктаж болуп жаткандар мамлекеттин колдоосу жок калат»,-деди эл өкүлү.