Дыйкандардын 43% күйүүчү май менен камсыз болушту

15 февраля 2021, 15:30

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн 63% күйүүчү майлоочу май менен камсыз болушту. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. 

 

Ал белгилеп кеткендей, азыркы учурда Кыргызстандагы нефтетрейдерлер Ассоциациясы менен үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 

«Азыр  айыл чарба өндүрүүчүлөрүн  күйүүчү майлар менен  камсыздоо 43,  үрөн менен камсыздоо 85, техника менен камсыздоо  90-95 пайызды түзөт», - деди А.Жаныбеков.

Талкуунун жүрүшүндө комитеттин мүчөлөрү  айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө  өз убагында колдоо көрсөтүүнүн, дыйкан чарбаларын  жер семирткичтер, үрөн жана  күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоонун  зарылдыгын белгилешти.