«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору боюнча 3,6 миң насыя берилди

1 сентября 2023, 15:14

“Айыл Банк” жана “РСК Банк” тарабынан “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоорунун эки категориясы боюнча 7 миң 231 насыя берилип, жалпы суммасы 3 млрд 260,9 млн сом болгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Анын ичинен “Айыл Банк” 1,6 млрд сомго 3605, “РСК Банк” 1,6 млрд сомго 3656 насыя берген.
Белгилеп кетсек, “Мал чарбасы” номинациясында жалпысынан 5 миң 230 насыя берилсе, “Өсүмдүк чарбасы” номинациясында жалпысынан 2 миң 31 насыя берилген.