Дыйкандар жеңилдетилген насыянын жеткиликсиздигине нааразы

24 мая 2022, 11:28

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жана башка жетекчилердин дыйкандар менен болгон жолугушуусунда жеңилдетилген насыялардын жеткиликтүү эместиги айтылды.

“АЛРАД и К” асыл тукум канаттуулар фабрикасынын негиздөөчүсү Алмаз Раджаповдун айтымында, фермерлер жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн жеке банктардан мамлекеттик банкка өтө алышпайт, анткени кайра каржылоодо мамлекеттик банктар күрөө мүлкүн анын реалдуу наркынын 30% гана баалайт.

“Мисалы, миллион сомдук мүлктү мамлекеттик банктар 300 миң сомго күрөөгө алат. Өнүктүрүү үчүн жетиштүү акча алууга күрөө жетишсиз”, - деп нааразы болушууда дыйкандар.

Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев бул үчүн Кепилдик фонду түзүлгөн деп жооп берди.

Бирок, фермерлердин айтымында, фонд дагы мүлктү реалдуу наркынын 50% баалайт.

Төраганын орун басары бул маселе боюнча жыйынга катышып жаткан каржы министринин орун басары Эрнст Калдыбаевге кайрылды. Бирок ал маселени Улуттук банк чечиши керектигин айтты.