Феавраль айында республикалык бюджетте 722.7 млн сом дефицит болушу күтүлүүдө

14 февраля 2020, 11:00

Каржы министрлигинин Борбордук казына бөлүмү берген маалыматка ылайык, республикалык бюджеттин 2020-жылдын февраль айына бекитилген республикалык бюджетинин кассалык планы 10 млрд 695 млн 839.1 миң сомду, жалпы чыгымдар - 11 млрд 418 млн 538.8 миң сомду түзгөн. 

Бюджеттин кирешеси 9 млрд 426 млн 977.4 миң сомду түзүшү күтүлүүдө. Кирешенин басымдуу бөлүгү  - 8 млрд 867 млн 999.4 мин сом - салык жана төлөмдөрдөн түшөт. 

Белгилей кетсек, кассалык планына бюджеттин кирешеси жана чыгашасына жараша өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.