Филиппин ЕАЭСке деңиз азыктарын экспорттоону көбөйтөт

24 сентября 2019, 10:25

ЕЭК жана Филиппиндин өкмөтү соода-экономикалык мамилени бекемдөө үчүн меморандум тузүүгө даяр. Бул тууралуу ЕЭКтин мүчөлөрү менен Филиппиндин айыл-чарба министрлиги менен болгон жолугушууда билинди. 

Сүйлөшүлгөн макулдашуулар Азиянын Түштүк-Чыгыш мамлекеттери менен болгон экономикалык абалды жакшыртат деген ишенимде. ЕЭК аталган региондон 11 мамлекет менен меморандум түздү. 

Филиппиндик ишкерлерге санитардык бирдиктүү ситема, фитосанитардык жана ветеринардык текшерүү  тууралуу маалымат беришти. 

Филиппиндин айыл-чарба министрлиги балык, майда чаян ж.б. деңиз азыктарын, кургатылган тропикалык жемиштер, кокос ширелеринин ЕАЭСке экспорттоонун көлөмүн көбөйтмөкчү.