«Финанс Кредит Банкта» кадрдык өзгөрүүлөр болду

1 апреля 2021, 09:30

ААК «Финанс Кредит Банктын» акционерлери банктын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттерин токтотту. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун сайтында маалымдалат. 

 

Мөөнөтүнөн мурда Жеңиш Разаков, Манас Жакыпов, Элвира Акимова, Нуркыз Маткабылова, Чынара Жакупбековалар директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн бошотулду. 

Кошумчалай кетсек, директорлор кеңешинин жаңы курамына үч жылдык мөөнөт менен Асель Самакова, Манас Жакыпов, Гульмира Турдалиева, Эрмек Альчиев жана Чынара Жакупбековалр дайындалышты.