«ФинансКредитБанктын» башкармасынын төрагасынын орун басары Мамырова Майрам ээлеген кызматынан бошотулду

31 октября 2019, 15:37

ААК «ФинансКредитБанк» директорлор кеңеши, банктын башкармасынын төрагасынын орун басары Мамырова Майрам Абдуманнаповнаны кызматынан бошотту. Бул тууралуу Кыргыз биржа фонду билдирет. 

 Ал кызматтан өз каалоосу менен кетти деп жазылат маалыматта. 

Майрам Мамырова банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп, 2018-жылдын июнь айында дайындалган.