Март айында пенсияларды каржылоого 5,8 млрд сом жумшалды

6 апреля 2023, 16:24

Кыргызстанда январь-март айларында Социалдык фонд пенсияларды төлөөгө 17 миллиард 673,9 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын март айына карата пенсияларды каржылоо 5 миллиард 874,7 миллион сомду түздү.

Каражаттын көбү Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундарына пенсия жана жөлөк пул төлөөгө кеткен.