Тогуз ай ичинде пенсияларды каржылоо 40,6 млрд сомду түздү

5 октября 2022, 15:10

Кыргызстанда быйыл январь-сентябрь айларында Социалдык фонд пенсия төлөөгө 40 миллиард 564,5 миллион сом бөлдү.

Каражаттын көбү Ош облусунун, андан кийин Жалал-Абад облусунун жана Бишкек шаарынын тургундарына пенсия төлөөгө кеткен.

Жалпы сумманын 4 миллиард 485,6 миллион сому сентябрь айындагы пенсиялык төлөмдөргө кеткен.

Пенсиянын облустар боюнча январь- сентябрь айларындагы сом менен бөлүштүрүлүшү:

  • Бишкек – 6, 62 млрд
  • Чүй облусу – 6, 18 млрд
  • Нарын облусу – 2, 88 млрд
  • Ысык-Көл облусу – 3, 71 млрд
  • Талас облусу -1, 69 млрд
  • Ош – 1, 47 млрд
  • Ош облусу – 7,5 млрд
  • Баткен облусу – 3, 47 млрд
  • Жалал-Абад облусу – 7, 04 млрд