«ФинансКредитБанк» баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзөт

10 апреля 2023, 09:28

“ФинансКредитБанк” коммерциялык банкы Улуттук банктын баалуу металлдары менен накталай жана накталай эмес формада операцияларды жүргүзүүгө уруксат алган. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Ошентип, “ФинансКредитБанк” эми Улуттук банк тарабынан чыгарылган тазаланган куйма түрүндө баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзө алат.

Бул чечимди Улуттук банк Башкармасы ушул жылдын 5-апрелинде кабыл алган.