Дүйнөлүк экономикага көрсөтүлгөн каржы жардамдын көлөмү 14 трлн $ түзгөн

29 января 2021, 14:00

Экономикага ири каржылык колдоо 14 трлн долларды түзгөн. Жардам коронавирус пандемиясы маалында улуттук экономикага өкмөттөр тарабынан көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Эл аралык валюталар фондунан маалымдашты. 

Эксперттердин маалыматына ылайык, кошумча чыгым жана киреше кыскартылгандан 7.8 трлн доллар, 6 трлн долларды– кепилдиктер жана насыялар түзгөн. Көптөгөн мамлекеттер жеке секторго жардам көрсөтүүнү улантууда. Бул экономиканын тезирээк калыбына келишине жардам берет. 

«Дүйнөлүк мамлекеттик карыздын орточо көрсөткүчү 2020-жылдын аягында дуйнөлук ИДПнын 98% түзгөн. 2019-жылы бул көрсөткүч 84% түзгөн», — деп жазылат маалыматта.